1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

9

Мастер класс: Soft Skills-жумшак көндүмдөр билим берүүдө.

Тренерлер: Тукуева Н, Чекиргозова Г

Soft Skills (жумшак көндүмдөр) боюнча мастер класстын  негизги максаты – студенттердин жашоодо, коомдо жана кесиптик чөйрөдө ийгиликтүү иш алып баруусуна жардам берген универсалдуу көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Заманбап билим берүүдө окутуучу үчүн жөн гана билим берүү жетишсиз. Студенттер, ата-энелер жана кесиптештер менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүү  (Soft Skills) - жумшак көндүмдөрдү талап кылат.  4К модели (англ. 4C Model) — бул заманбап билим берүү жана компетенцияларды өнүктүрүү концепциясы, XXI кылымдын негизги көндүмдөрүн камтыйт. Ал негизинен жумшак көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүүгө багытталган.

Soft Skills - бул көндүмдөр жеке, субъективдүү жана өлчөө мүмкүн эмес. Кесипке көз каранды эмес, бирок адамдын ийгилигине түздөн-түз таасир этүүчү универсалдуу социалдык-психологиялык сапаттар. Кандай адистик болбосун жумшак көндүмдөр керек болот. Булар бардык жеке жөндөмдөрдү камтыйт: коммуникация, конфликттерди чечүү жөндөмү,ынандыруу, командада иштөө, убакытты башкаруу, чечим кабыл алуу, өзүн жана башкаларды мотивациялоо тууралуу окутуучулар менен терең өздөштүрүү болду.