1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

8

Ачык сабактарды өтүү боюнча бир айлык иш-чаранын жүрүшү

Жалал-Абад колледжинде окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана сабак өтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Ачык сабактардын бир айлыгы” уюштурулду. Ачык сабактар ар бир ПЦК графиктин негизинде окутуучулар ачык сабактарды өтүшөт. Азыркы учурда Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы жана Ветеринария ПЦКсынын окутуучулары өтүп жатышат. Окутуучулар өз предметтеринен ачык сабактарды өткөрүшүп, окутуунун жаңы ыкмаларын жана инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, ар бир окутуучу өзүнүн сабагында студенттерди активдүү окутуу ыкмаларын колдонууга, жекече иштөө жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө басым жасашты. Сабактар интерактивдүү методдор, презентациялар, видеоматериалдар, практикалык тапшырмалар менен коштолду.

Методикалык бирикмелер тарабынан сабактарга мониторинг жүргүзүлүп, ар бир сабак талдоодон өткөрүлдү. Талдоо учурунда сабактын максатынын тактыгы, колдонулган усулдардын натыйжалуулугу жана студенттердин катышуусу бааланды.

Катышкан окутуучулар бири-биринин сабактарын байкап, пайдалуу методикалык сунуштарды алышып, өз иш тажрыйбасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле студенттер үчүн мындай сабактар окууга болгон кызыгууну арттырды жана предметтерди тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Бул иш-чара окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин арттырууда жана колледждеги билим сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.

АСжМ ПЦКсынын окутуучулары: Мамбеткожоева Анара, Түмөнбаева Зинаш, Исманова Тынара, Полотова Алима, Маманова Бусаадат, Жумабаева Замира, Мусаева Элмира, Абдуллаев Искендер, Абдыразакова Гулмира, Тумонбаева Мыскалдар сабактарды жогорку деңгээлде өтүштү.

Ветеринария ПЦКсыннын окутуучулары Жолонбаева Бегимай, Исакбаев Шамшидин агайлар да жогорку деңгээлде ачык сабактарын өтүштү.

Жалал-Абад колледжинин окутуучуларына ийгилик!