1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

73

Жумуш ордунда окутуу 

19-ноябрь күнү ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Техника ПЦКсынын ЖДк-01-25 тайпасынын студенттери Жумуш ордунда окутуу программасы боюнча "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү филиалында практикалык сабак өтүп келишти. Ишкананын башчысынын орун басары Ханходжаев Азиз Давлятович студенттерге коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж өттү жана кыймылдуу курамдын түзүлүштөрү боюнча студенттерге кенен маалымат берди. Практикалык сабак өтүүдө Техника ПЦКсынын төрагасы Бекешов Марип Атанбаевич жана Халматов Таштемир Аттокурович агайлардын жетекчилигинде болду.