1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

“Жетекчи менен бир саат” аттуу иш-чара Жалал-Абад колледжинде өттү

Жалал-Абад колледжинде “Жетекчи менен бир саат” аталышындагы мазмундуу жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага колледж директору, активдүү студенттер жана бардык тайпалардын старосталары катышышты.

Жолугушуу эркин форматта өтүп, студенттер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин, көйгөйлөрүн, ой-тилектерин ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Колледждин билим берүү сапатын жогорулатуу, студенттик демилгелерди колдоо жана окуу процессинде жаралган маселелерди чечүү боюнча бир катар пландар талкууланды.

Иш-чара студенттер менен жетекчилик ортосунда ачык диалог түзүп, өз ара түшүнүшүүнү бекемдеген маанилүү аянтча болуп берди. Жолугушуунун соңунда студенттер мындан аркы ийгиликке жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди улантуу ниеттерин билдиришти.