1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Алдыңкы тажрыйба  борборунда “Берекелүү алтын күз” иш чарасы өткөрүлдү

Жалал-Абад колледжинде Жалпы билим берүү ПЦКсы тарабынан студенттердин арасында “Берекелүү алтын күз” аттуу кароо-сынагы болуп өттү. Кароо сынакта төмөндөгү номинациялар боюнча тапшырмалар болду.

1.  Икебана кароо-сынагы (жаратылыш объектилеринен алынган, жашылча жемиштерден, жалбырактардан, кургак дандардан ж.б. жасалган чыгармачылык менен иштелип чыккан, узакка сакталган икебаналар көркөмдүүлүгүнө карата бааланды)

2. “Күз берекеси” аталыштагы салаттар кароо-сынагында  күздү чагылдырып кооздолуп жасалган салаттардын көркүнө карата, калыстар тобу даамдап көрүп, кандай эмгек менен жасалганына,  салаттардын авторлору жасаган салаттарын презентациялоосуна,  жасалган салаттын өзгөчөлөгүнө карата бааланды)

3. Дубал гезит. Колго тартылган күздү чагылдырган пейзаждар.

4. Күз ханышасы кароо-сынагы  күз ханышасын чагылдырган өзгөчө көйнөктөр, күз ханышасын чагылдырууда чач жасалгасы (жалбырак, гүлдөр ж.б. менен кооздолушу),күз ханышалардын сахнада басуусу, өзүн алып жүрүүсү, тыкандыгы жана күзгү көйнөктөрдүн ажарын ачып көрсөтүп берүүсү бааланды)

Жогорудагы көрсөтүлгөн тапшырмалардын жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту.

-          Икебана кароо сынагында:

1-орун ТЭМк-4-25 тайпасы

2-орун ОТЗИк-3-25 тайпасы

3-орун ОТЗИк-2-25 тайпасы  

-          “Күз берекеси” аталыштагы салаттар кароо-сынагында:

1-орун ТЭМк-2-25 тайпасы  

2-орун ТОиРАТк-2-25  тайпасы

3-орун ЭСк-2-25 тайпасы

             Дубал газета. Колго тартылган күздү чагылдырган пейзаждар (өзгөчо эмгек менен даярдалган дубал газеталарга жогорку балл берилет).

1-орун ПОВТАСк-6-25 тайпасы

2-орун ПОВТАСк-4-25 тайпасы

3-орун ПОВТАСк-5-25 тайпасы

-          Күз падышасы жана Күз ханышасы кароо сынагында:  

1-орун ДИк-2-25 тайпасынын студенттери Самидинов Бектур жана Кудайбердиева Айтунук “Күз падышасы жана Күз ханышасы” номинациясына,

2-орун ПОВТАСк-8-25 тайпасынын студенттери  Адышов Нурмухаммед жана Афтандилова Айзада  “Сымбаттуу ханыша” номинациясына

3-орун ПОВТАСк-9-25 тайпасынын студенттери Кочкоров Калдар  жана Асланова Рисолат “Ажарлуу ханыша” номинацияларына ээ болушту.