1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Илим айынын алкагында өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоо конференциясы

11-ноябрь 2025-жылы ЖАМУнун Алдыңкы тажрыйба борбору тарабынан Илим айынын алкагында Жалал-Абад колледжинин АС жана М ПЦКсынын БАС адистигинин студенттерине арналган өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Иш-чарага практика жетекчилери, окутуучулар жана ЖАМУнун Карьера өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышып, студенттер өндүрүштө алган тажрыйбалары тууралуу презентация жасап, теориялык билимин практикалык иште колдонуудагы жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Илимий иштер менен өзгөчөлөнгөн студенттер

·         Ганиев Камронбек — «Сайт про магазин обуви»

·         Айдаралиева Назбийке — «Социалдык фонддун маалыматы жана милдеттери»

·         Кутманова Аймээрим — «Манас шаардык социалдык фонд, пенсиялык бөлүмү»

·         Касымбекова Гүлсүн — «Aisnet интернет клубунун сайты»

·         Кадырбеков Тилек — «Герои Кыргызстана сайты»

·         Мойдунов Арген —«География Кыргызстана»

Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин практикадан алган тажрыйбасы, толук аткарылган жол карталары жана илимий иштеринин сапаты өндүрүш тарабынан жогору бааланып ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Илим  айынын алкагында өткөн бул иш-чара студенттердин билимин  практика менен айкалыштыруу жөндөмүн чыңдоого чоң салым кошту.