1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

105

3

Жаштар арасында диний экстремисттик жана террористик уюмдардын идеологиясынын жайылышына каршы алдын алуу

КРнын Билим жана илим министрлигинин  2024-жылдын 8-январындагы №3/1 буйругуна ылайык, 2023-2027-жылдарга КРнын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында 2024-жылынын 31-январында Жалал-Абад колледжи “Жаштар арасында диний экстремисттик жана террористик уюмдардын идеологиясынын жайылышына каршы алдын алуу” аталышында иш-чара өткөрдү. Аталган иш-чара ЖАКтын Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу Таштанова Кайринса Маматовна тарабынан ЖАМУнун чоң жыйналыш залында уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш чарага Жалал-Абад областынын “Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттер” бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын полковниги Толубаев Мухиддин Эргашалиевич, ошол эле бөлүмүнүн опер кызматкери милициянын подполковниги Калдаров Урмат Мухтарович, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик дин комиссиясынын Жалал-Абад областынын өкүлү Кайсарбаев Нурбек Жанарбекович жана Жалал-Абад областынын Казыятынан Усенбаев Асан Сакыбаевичтер чакырылган. Жолугушууга ЖАМУнун студенттери жана окутуучулары катышты. Чакырылган коноктор ЖАМУнун студенттерине жана окутуучуларына Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы, диний уюмдардын түрлөрү, алардын мыйзамдуу жана мыйзамсыз иш алып баруусу боюнча маалымат беришти. Кыргызстанда диний кырдаал жана тыюу салынган экстремистик, террористик уюмдардын идеологиясына каршы алдын алуу мыйзамдуу иш-аракеттери менен тааныштырып өтүштү. Ошондой эле тыюу салынган экстремистик, террористик диний агымдар, алар тарабынан жазылган жана басмага берип, басылып чыккан китептер жана электрондук китептер, фейк маалыматтар, жасалма аккаунттар аркылуу КР мыйзамы жол бербеген маалыматтарды мессенджерден таратуу жана ал аракеттер үчүн укуктук жоопкерчилиги жөнүндө терең түшүнүк берип өтүштү. Иш чарада үй бүлөлүк, гендердик зордук зомбулук жөнүндө да маалымат беришти. “Жаштар арасында диний экстремисттик жана террористик уюмдардын идеологиясынын жайылышына каршы алдын алуу” деген теманын айланасында студенттер, окутуучулар жана иш-чарага келген коноктордун ортосунда кызуу талкуу жаралды. Студенттер кызыккан суроолорго жооп ала алышты.