1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Өндүрүштүк практика учурунда жумуш ордунда окутуу

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Электрондук китепканасында 10.11.2025 күнү Жалал-Абад колледжинин “Автоматташтырылган системалар жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо” (ПОВТАС) адистигинин студенттери өндүрүштүк практика учурда жумуш ордунда окутуу программасынын алкагындагы практикалык иштерин улантып,  «Вирустар жана антивирустук программалар» темасында окутуучу Исманова Тынара жумуш ордунда окутуу боюнча тегерек стол уюштурду.  Иш-чарага окутуучулар Юлдашев Айбек Абдуллаев Искендер жана Айдарова Бибигул катышып, студенттердин билим алуу процессин көзөмөлдөп, багыт берүүчү методикалык сунуштарын сунушташты. Тегерек столдун  жүрүшүндө студенттер: - Компьютердик вирустардын пайда болуу себептерин жана иштөө принциптерин, - Вирустар компьютер системаларына алып келүүчү коркунучтарды, - Антивирустук программалардын түрлөрүн жана алардын коргоо механизмдери жөнүндө кеңири талкулашты.

Студенттер реалдуу антивирус программалары менен иштеп көрүшүп, компьютерди сканерлөө, вирус табылган учурда коргоо чараларын колдонуу жана системаны коопсуздукка текшерүү иштерин аткарышты. Жумуш ордунда окутуу студенттерге теориялык билимди практика менен айкалыштырып, кесиптик көндүмдөрүн тереңдетүүгө жана IT чөйрөсүндө өз алдынча иштөөгө даярдоого багытталган. Мындай сабактар болочок адистердин компетенцияларын бекемдөөгө чоң салым кошот.