1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

47

Айыл чарба жаныбарларына дегельментизация жүргүзүүнү каттоо темасында жумуш ордунда окутуу

2025-жылдын 10-ноябрында Манас шаардык ветеринардык башкармачылыгында“Айыл чарба жаныбарларына дегельментизация жүргүзүүнү каттоо” темасында жумуш ордунда окутуу (практикалык сабак) өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге дегельментизациянын маанисин түшүндүрүү, туура жүргүзүү ыкмаларын үйрөтүү жана жүргүзүлгөн иштерди каттоо тартибин практика жүзүндө көрсөтүү болду.

Окутууга ВЕТк-01-24 тайпасындагы студенттер, окутуучулар Жолонбаева Бегимай жана Бокошова Гулзат ошондой эле өндүрүштүк практиканын жетекчилери катышты. Сабак учурунда адистер айыл чарба жаныбарларында кездешүүчү ички мите курттардын (гельминттердин) түрлөрү, алардын организмге тийгизген зыяны жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, дегельментизация жүргүзүүдө колдонулуучу препараттардын дозасы, колдонуу мөөнөтү, сактык чаралары жана жаныбарлардын салмагына жараша эсептөө ыкмалары кеңири түшүндүрүлдү. Практикалык бөлүгүндө студенттер малга дары берүүнүн жол-жобосун жана жүргүзүлгөн дегельментизацияны атайын каттоо журналына туура киргизүү ыкмасын өздөштүрүштү.

Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар дегельментизация иштерин жүргүзүүдө ветеринардык коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле ар бир жүргүзүлгөн ишти документ түрүндө каттап туруунун жоопкерчилигин өздөштүрүштү.

Бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен бекемдөөгө, айыл чарба жаныбарларынын ден соолугун сактоого жана мал чарбачылыгында сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталды.