1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

52

Ветеринария адистиги ата-энелери менен жолугушуу

2025-жылдын 8-ноябрында колледжде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу-чогулуш өткөрүлдү. Чогулуштун максаты — студенттердин окуудагы жетишкендиктерин, тарбиялык иштерин жана келечектеги пландарды талкуулоо болду.

Иш-чарага колледж администрациясы, кураторлор жана ата-энелер катышып, окуу процессин жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө колледж жетекчилиги студенттердин билим алуу шарттарын жакшыртуу, окутуу сапатын көтөрүү жана жаштардын кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Кураторлор ар бир топтун окуудагы жана коомдук ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерине токтолушуп, студенттердин активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Ата-энелер өз кезегинде окутуу процессине байланыштуу ой-пикирлерин, сунуш-пикирлерин айтып, мугалимдер менен тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөө, тарбиялык иш-чараларга катышуусун жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү макулдашылды.

Иш-чаранын соңунда ата-энелерге ыраазычылык билдирилип, келечекте мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди. Чогулуш жылуу маанайда өтүп, студенттердин өнүгүүсүнө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Жолугушуу жемиштүү өтүп, бир катар пайдалуу чечимдер кабыл алынды.

Колледж жетекчилиги ата-энелерге ыраазычылык билдирет жана мындан аркы кызматташтыкты улантууга чакырат.