1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

1447

3

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН АС жана М ПЦКсынын ПОВТАС АДИСТИГИНДЕ ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДАГЫ ПРАКТИКАЛЫК ИШТЕР УЛАНУУДА

Жалал-Абад колледжинин “Автоматташтырылган системалар жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо” (ПОВТАС) адистигинин студенттери өндүрүштүк практика учурда жумуш ордунда окутуу программасынын алкагындагы практикалык иштерин улантып, кесиптик тажрыйба топтоодо.

Бул сабактын негизги максаты — студенттерге веб-барактын башкы бөлүгүн түзүүдө HTML жана CSS технологияларын туура жана натыйжалуу колдонуу ыкмаларын үйрөтүү, ошондой эле веб-дизайн жана вёрстка жаатындагы кесиптик көндүмдөрүн өрчүтүү болуп саналат.

Иш чараны АС жана М ПЦКсынын окутуучулары — Аскаров Жолон Мухтарович жана Асилбек уулу Курсантбек өткөрүштү. Теориялык бөлүктө студенттерге HTML жана CSS технологияларынын өзгөчөлүктөрү, алардын өз ара байланышы, ошондой эле веб-барак түзүүнүн этаптары жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Сабактын практикалык бөлүгүндө студенттер «МастерСтрой» сайтынын үлгүсүндө веб-барактын башкы бөлүгүн (“Header”) түзүп чыгышты. Ар бир студент логотип, меню жана байланыш маалыматын так жана эстетикалык жактан туура жайгаштырууга, коддун семантикалык түзүмүн сактоого өзгөчө көңүл бурушту.

Иш чаранын жыйынтыгында студенттер өз долбоорлорун презентациялоо жолу менен көрсөтүшүп, бири-биринин иштерин талкуулашты. Ар бир иш креативдүүлүк, структуранын тууралыгы жана дизайн талаптарына шайкештиги боюнча бааланды. Сабак студенттерге практикалык көндүмдөрдү чыңдоого жана командалык иштөө тажрыйбасын өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк берди.

Жумуш ордунда окутуунун (ЖОО) негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин реалдуу өндүрүш жана IT чөйрөсүндө колдонууга үйрөтүү, кесиптик компетенцияларын өрчүтүү жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү болуп саналат.

Жумуш ордунда окутууну АС жана М ПЦКсынын окутуучулары жана өндүрүштүк практиканын жетекчилери тыкыр көзөмөлдөп, студенттерге ыкчам методикалык колдоо көрсөтүштү. Мындай окутуу студенттерди эмгек рыногунун талаптарына жооп берген заманбап IT адистери катары даярдоого өбөлгө түзөт.

Жалал-Абад колледжинин ПОВТАС адистигиндеги студенттер — өлкөбүздүн санариптик өнүгүүсүнө өз салымын кошо ала турган билимдүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрлар катары калыптанып келе жатышат.