1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

97

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин окутучусу Байышбек кызы Аида ПОВТАСк 6-24 тайпасынын студенттери менен биргеликте Жалал-Абад областык китепкананын демилгеси менен, 2025-жылдын 6-ноябрында “7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” аталышындагы иш чарага катышышты.

Иш чаранын негизги максаты болуп, Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталарды эскерүү жана Касым Тыныстановдун  кыргыз элине кылган эмгектерин даңазалоо жана аны эскерүү болду.

Иш чарада К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору тарых илимдеринин кандидаты Дүйшеев Жеңишбек  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхы жана кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө таасирдүү маалыматтарды айтып берди. Андан кийинки сөздү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Алдыңкы тажрыйба борборунун тарых окутуучусу Байышбек кызы Аида Касым Тыныстановдун өмүр  таржымалына токтолуп, кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Китепкананын кызматкерлери даярдаган “Касым Тыныстановдун доору жана мурасы” аталышындагы көргөзмөгө күбө болдук. Көргөзмөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын жана кыргыздардын тарых таржымалын чагылдырган китептер жана сүрөттөр докладдар коюлган.

Бул саамалык кыргыз тарыхын мурасын даңктаган ырлар менен коштолуп, иш чарага катышкан профессор окутуучуларга  белектер берилди.