1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

52

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин окутуучусу тажрыйба алмашууга катышты

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Нуркулова Аселя Калиловна Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында сапарда болуп кайтты.

Иш сапардын жүрүшүндө ал окутуу процессин жакшыртуу, заманбап усулдарды колдонуу жана студенттер менен иштөөнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүү боюнча пайдалуу тажрыйбалар менен бөлүштү. Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.