1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

72

Ачык сабак өтүлдү

2025-2026-окуу жылында окутуучуларга  мастер-класстарды   өтүү графиги боюнча   Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика  ПЦКсынын окутуучусу Абдразакова Гулмира ПОВТАСк-01-24 тайпасына  “Виртуалдык чөйрө(venv) жана пакеттерди башкаруу» темада ачык сабак өттү. Сабактын максаты: Студенттер Pythonдогу виртуалдык чөйрө (venv) түшүнүгүнүн, маңызын, анын ролун жана артыкчылыктарын (изоляциялоо, конфликт болтурбоо) үйрөнүү, пакеттерди башкаруучуpipкуралынын негизги функцияларын (орнотуу, өчүрүү, тизмектөө, жаңыртуу) жана аларды колдонуу аркылуу ыкмаларын колдонууну,requiremts.txtфайлын түзүү менен долбоордун көз карандылыктарын документтештирүү жана кайра калыбына келтирүү процессин үйрөтүү болдуСабактын жүрүшүндө өнүктүрүүчүлүк  жаатында практикалык көндүмөрдү өнүктүрүү, терминалдык командалык саптык чөйрөдө venv түзүү, активдештирүү жана өчүрүү боюнча иштөө жөндөмүн калыптандыруу да студенттер менен эң мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүү менен, өз алдынча иштөө менен көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүгун арттырышып, анализ жүргүзүштү. Топтор менен иштөөдө тапшырмаларды так аткаруу менен бири-бирине жардам беришти.

            Жыйынтыгында Pythonдогу виртуалдык чөйрөнү (venv) колдонуунун зарылдыгын (глобалдык системадан изоляциялоо, версиялык конфликттерди болтурбоо) өз сөзү менен так түшүндүрүп беришти, терминалда катасыз виртуалдык чөйрөнү түзүштү, аны ийгиликтүү активдештире алышты жана жумуш бүткөндө аны өчүрө алышты

            Сабакты студенттер кызыгуу менен аткарышты. Сабак максатына жетти. Катышкан окутуучулар анализ беришти.