1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

“Матрицалар жана алар менен болгон амалдар” деген темада ачык сабак өтүлдү

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин АСжМ ПЦКсынын окутуучусу Мамбеткожоева Анаркан Садыровна бир айлык ачык сабактардын жүрүшүнүн графигинин негизинде ачык сабак өттү. Сабактын максаты матрицанын түшүнүгүн, түрлөрүн жана негизги белгилерин, матрицалар менен болгон амалдарды кошууну,кемитүүнү, санга көбөйтүү жана матрицаны матрицага көбөйтүүнү аткара алуу, матрицалардын колдонушуна практикалык мисалдар аркылуу түшүнүк берүү болду.

Сабактын жүрушундө студенттер топто иштеп тапшырмаларды аткарууда бири-бирине жардам беришип, бири-бирин колдошуп , берилген тапшырмаларды так аткарып жатышты. Ошондой эле математикалык ой-жүгүртүүгө ар түрдүү логикалык тапшырмалар, табышмактар берилип студенттер кызыгуу менен аткарып жатышты. Сабак кызыктуу жана ийгиликтүү өтүлдү. Мамбеткожоева Анаркан Садыровнага чыгармачылык ийгилик аалайбыз.