1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

137

Жумушчу программа, Силлабус, ОМК түзүүнүн оптималдуу формаларын окуу процессине киргизүү жөнүндө деген темада мастер класс өтүлдү.

2025-2026-окуу жылында окутуучуларга мастер-класстарды өтүү графиги боюнча Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучусу Карабекова Чынара Кайсарбаевна Жумушчу программа, Силлабус, ОМК түзүүнүн оптималдуу формаларын окуу процессине киргизүү жөнүндө деген темада мастер класс өттү. Мастер класска Жалал-Абад колледжинин методикалык иштер боюнча инспектору Сатимбаева Арзыкан Капаровна жана Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучулары катышышты.

Мастер класстын максаты: окуу предметтери боюнча жумушчу программа , силлабус тузүүнүн ыраттуу кадамдарын аныктоо, предметтердин мазмунун станддарттарга ылайык системалаштыруу, максатын, милдетин жана натыйжасын аныктоо, ар бир темага саатын бөлүштүрүүнү, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу .

Коюлган максатка ылайык Ч.К. Карабекова толук маалымат берип, жаңы окутуучулар менен иштеп, тапшырмаларды берүү менен кызыктуу өттү. Мастер класска жаш окутуучулар да катышып маалыматтарга ээ болушту.