1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

122

Жумуш ордунда окутуу: “Кездеме тандоо жана драпировкалоо”

 24-октябрь 2025-жылы Манас шаарындагы, “Шаң-Стиль” тигүү цехинде Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун Жалал-Абад колледжинин “Тигүү буюмдарын конструкциялоо” ПЦКсынын КМТШИ адистигинин 3-курс студенттери 2025–2026-окуу жылынын өндүрүштүк практикасынын алкагында “Кездеме тандоо, кездеменин касиеттерин текшерүү жана драпировкалоо” темасында практика учурундагы жумуш ордунда окутуу болуп өттү.Иш-чара “Шаң-Стиль” тигүү цехинде уюштурулуп, ага жооптуу жетекчи катары Мамажунусова Н.С. дайындалды.Сабактын максаты:Жаш кыздардын көйнөктөрүн тигүүдө колдонулуучу кездемелерди туура тандоо, алардын сапатын баалоо жана тигүү процессинде эстетикалык, гигиеналык, физиологиялык талаптарды эске алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

Практика учурунда студенттер:түрдүү кездемелердин касиеттерин изилдеп, драпировкалоо ыкмаларын өздөштүрүштү;дене өлчөмдөрүн алуу жана үлгү түзүү жолдорун үйрөнүштү;жаш кыздардын жана балдардын кийимдерин – көйнөк, пижама, спорттук кийим жана майрамдык кийимдерди тигүүдө иш жүзүндө тажрыйба топтошту.Бул иш-чара студенттердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө, өндүрүш чөйрөсүндө иштөө көндүмдөрүн бекемдөөгө жана эмгек рыногуна даяр адис болууга шарт түздү.“Шаң-Стиль” тигүү цехиндеги жумуш ордунда окутуу сабагы студенттер үчүн билимди практика менен айкалыштыруунун мыкты үлгүсү болду.