1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

134

Жаңы окутуучулар үчүн пайдалуу мастер-класс: “Тест түзүүнүн методикасы жана анын түрлөрү”

Жалал-Абад колледжинде окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында пайдалуу иш-чара болуп өттү. Колледждин окутуучусу Тукуева Назгүл “Тест түзүүнүн методикасы жана анын түрлөрү” темасында жаңыдан ишке кирген окутуучулар үчүн мастер-класс өткөрдү.

 Максаты:

  • Жаңы окутуучуларды тесттик баалоонун негизги принциптери менен тааныштыруу;
  • Тест суроолорун түзүүдө сапаттуу жана объективдүү ыкмаларды көрсөтүү;
  • Ар түрдүү тест түрлөрүн колдонуу менен билимди баалоо чеберчилигин өнүктүрүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, тест деген эмне жана анын окуу процессиндеги ролу, тесттик баалоонун артыкчылыктары жана чектөөлөрү,тесттин структурасы: суроо, жооп варианттары, туура жооп, түшүндүрмө, баалоо критерийлери жана сапаттык көрсөткүчтөрү (валиддүүлүк, ишенимдүүлүк, түшүнүктүүлүк) боюнча талкуулар болду. Катышуучулар тесттин түзүлүшү, мазмундук сапаты жана баалоо критерийлери тууралуу баалуу маалымат алышты. Мастер класста тесттин ар түрлөрүн — жабык жана ачык түрдөгү суроолор, тандоо, дал келтирүү, туура/туура эмес, ошондой эле кыска жооп берүү формасындагы тесттерди түзүү ыкмаларын кеңири түшүндүрдү.

Практикалык бөлүгүндө окутуучулар өз алдынча тесттик суроолорду түзүп, бири-бири менен тажрыйба бөлүшүштү. Катышуучулар мастер-класс абдан пайдалуу болгонун белгилешип, мындай методикалык жолугушуулар жаңы окутуучулар үчүн маанилүү экенин айтышты. Натыйжада окутуучулар  тесттин сапатын аныктоо критерийлерин билишет, ар түрдүү тест формаларын түзүп колдоно алышат, баалоо системасын өркүндөтүүдө методикалык тажрыйба топтошот.

Бул иш-чара окутуунун сапатын жогорулатууга жана педагогдордун кесиптик өсүшүнө өбөлгө болду.