1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

158

Жалал- Абад колледжинин окутуучулары  IT академияда жумуш ордунда окутушту

Манас шаарындагы IT академиясында ЖАКтын окутуучулары З. Тумонбаева, Ж. Паязова жана М. Мирзакаримова ПОВТАС адистигинин 3-курсунун студенттерине “JavaScript тилиндеги while жана for циклдери” темасында иш ордунда окутуу (ОРМ) өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге веб-сайттардын жана веб-тиркемелердин кардар тарабында (client-side) иштеген колдонуучу интерфейсин жана функцияларын иштеп чыгуу көндүмдөрүн үйрөтүү болду.

Сабак учурунда IT академиясынын директору, эл аралык веб-программалоо компанияларында иштеген Стамкулов Руслан Робертович өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерге кесиптик кеңештерин берип, келечектеги карьералык жолдорун тандоодо багыт көрсөттү.

Мындан тышкары,  бүтүрүүчүлөр үчүн жумушка орношуу жана резюме тапшыруу боюнча пайдалуу веб-сайттарды тааныштырып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер JavaScript тили боюнча алган теориялык билимдерин практикалык тапшырмалар аркылуу бекемдеп, иш ордундагы сабактан чоң таасир жана мотивация алып тарашты.

Бул иш-чара студенттердин маалыматтык технологиялар багытындагы кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эмгек рыногуна даярдоого чоң салым кошту.