1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

136

КМТШИ жана Ветеринария адистиктери өндүрүштүк практикага жайгаштырылды!

13-октябрда КМТШИ жана Ветеринария адистигинин студенттери өз багыттарына ылайык өндүрүштүк практикага ишканаларга жайгаштырылды.Бул кадам студенттер үчүн билим менен практиканы айкалыштырып, өз кесибинин сырларын терең үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат.

КМТШИ адистигинин студенттери тигүү тармагындагы алдыңкы цехтерде — «Осоо Академия кройки и шитья», «Шаң Стиль», «ЖАК», «Ainura.brand», «Этно-Сайма», «Sewing House» жана башка ишканаларда тажрыйба өткөрүшөт.

Ветеринария адистигинин студенттери болсо аймактагы мал чарба фермаларына жана ветеринардык борборлорго бөлүштүрүлүп, жаныбарларды дарылоо, эмдөө жана дарт аныктоо боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдөөдө.

Бул өндүрүштүк практика студенттерге өз кесиптик чеберчилигин өрчүтүүгө жана келечектеги ийгиликтүү адис болууга чоң өбөлгө түзөт.