ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад колледжинде зордук-зомбулуктун алдын алуу, үй-булөлүк зомбулукту чектөө максатында Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө кызматынын өкүлдөрү жана Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспекторлору тарабынан студенттерге түшүндүрүү жүргүзүлдү.
Иш-чаранын максаты — жаштар арасында укуктук маданиятты жогорулатуу, зордук-зомбулукка каршы туруунун жолдору, үй-бүлө менен коомдогу тынчтык, өз ара түшүнүшүү баалуулуктарын калыптандыруу болду. Жолугушууга Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин, Педагогикалык колледжинин жана Чет тилдер колледжинин студенттери катышып, жалпы катышуучулардын саны 1500дөн ашты.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери студенттерге зордук-зомбулук фактыларынын коомго тийгизген терс таасирлери, алдын алуу чаралары жана ар бир жарандын мыйзам алдында жоопкерчилиги тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле жаштардын суроолоруна жооп берип, турмуштук мисалдар аркылуу пайдалуу кеңештерди сунушташты. Иш-чаранын жүрүшүндө зомбулуктун бардык түрлөрүнө “жок” деп айтуунун мааниси, укуктук коргонуу жолдору жана зомбулукка туш болгон адамдар кайсы мекемелерге кайрылышы керектиги боюнча да маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында уюштуруучулар мындай иш-чаралар жаштардын тарбиясына, адамгерчилик жана мыйзамды урматтоо сапаттарын калыптандырууга багытталганын белгилешти.