1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

35

Жалал-Абад колледжи “Көндүмдөр кербенинде”

2025-жылдын 9-октябрында “Cheber: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү Швейцариялык долбоору” Сузак райондук Иш менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздоо бөлүмү менен биргеликте “Көндүмдөр кербени” аттуу иш-чараны өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү жаштарга жана жумуш издөөчүлөргө кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана региондогу билим берүү менен эмгек рыногунун байланышын бекемдөө.

“Көндүмдөр кербени” иш-чарасы  бош орундар жарманкеси форматында уюштурулуп, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи да активдүү катышты. Колледждин карьера бөлүмү жана Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦК өздөрүнүн ишмердигин тааныштырып, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды көрсөтүштү.Ошондой эле, студенттер даярдаган улуттук  жана авнгард стилиндеги кийимдерди подиумда көрсөтүлүп, студенттердин чыгармачылыгын жана кесиптик чеберчилигин чагылдырышты.

Иш-чарада катышуучулар үчүн атайын маалыматтык бурчтар, столдор уюштурулуп, окутуучулар жана студенттер өз кесиптерин тааныштырып, ар түрдүү темаларда практикалык сабактар менен бөлүшүштү. Өзгөчөлөнгөн катышуучулар ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

“Cheber” долбоору — жаштардын эмгек рыногуна ийгиликтүү аралашуусуна жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн платформа болуп саналат. Долбоордун алкагында өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар студенттердин билим берүү менен өндүрүштү айкалыштырып, практикалык тажрыйбасын арттырууга багытталган.