1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

18

МУГАЛИМ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү деп дүйнө жүзү боюнча билим берүү тармагындагы эмгектенген адистерди урматтоо күнү катары белгиленип келет. Ушул маанилүү датага карата Жалал-Абад колледжинде да өзгөчө маанайдагы майрамдык иш-чара уюштурулду.

Таң эрте колледждин жаштар кеңешинин активдүү студенттери окутуучулар үчүн жагымдуу сюрприз даярдап, билим уясындагы күндү майрамдык маанайда башташты. Колледждин кире беришинде кызыл килем төшөлүп, музыка жаңырып, студенттер ар бир окутуучуну жылуу маанайда, жагымдуу куттуктоо сөздөрү менен тосуп алышты.

Мындан тышкары, студенттер мугалимдерге болгон ыраазычылыгын жана сый-урматын билдирүү иретинде өз колдору менен даярдаган белектерди тартуулашты. Ар бир белек  студенттердин чыгармачылыгынын, сүйүүсүнүн жана мугалимге болгон терең урматынын символу болду.

Колледждин жамааты жана студенттери бул күнү мугалимдерге болгон жылуу сөздөрүн айтып, алардын билим берүү тармагындагы эмгегине, сабырдуулугуна жана келечек муундарды тарбиялоодогу зор салымына ыраазычылык билдиришти. Мугалимдер да өз кезегинде жаштарга ак батасын берип, алардын аракетине жана көңүл буруусуна ыраазычылыгын билдиришти.

Бул иш-чара мугалимдердин эмгегин даңазалоо, алардын коомдогу ролун жогору баалоо жана мугалим менен студенттин ортосундагы достук жана сый-урмат мамилесин чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара жылуу маанай жана позитивдүү эмоциялар менен коштолуп, бардык катышуучуларга унутулгус таасир калтырды.