ЖАК ПОТЕНЦИАЛДУУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ТАНДАДЫ
2025-жылдын 25- апрель күнү Алдынкы тажрыйба борбору тарабынан Жалал-Абад шаарындагы бардык орто мектептердин 9-класс окуучулары үчүн атайын профориентациялык салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Иш чарага 28 мектептин 800 гө жакын 9-классынын бүтүрүүчөрү жана мектеп директорлору катышты. Шаардагы №19, №2, №14, №7, №21 мектептин директорлору окуучуларга биздин колледжди тандоо боюнча, колледждин жетишкендиктерин белгилеп, кесип тандоого чакырышты.
Бул иш-чаранын негизги максаты — мектеп окуучуларын кесипке багыттоо, кесип тандоо багытында маалымат берүү, ЖАКтагы адистиктерди даңазалоо.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин окутуучулары жана адистери тарабынан окуучуларга ЖАКтагы ар түрдүү адистиктер боюнча кеңири маалымат берилди. Колледжде сунушталган билим берүү программалары, окуу шарттары, лабораториялар жана практикалык сабактар өтүүчү жабдылган кабинеттер тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле, окуучуларга кесип тандоодо кандай факторлорго көңүл буруу керектиги боюнча пайдалуу кеңештер берилди.
Ошондой эле, жолугушууда бизде бар кесиптерди даңазалаган парад уюштурулуп, колледжде даярдалуучу адистиктер чагылдырылды. Ар бир кесип өзүнчө чыгармачылык менен тааныштырылып, окуучуларда терең таасир калтырды.
Иш-чаранын алкагында концерттик программа да уюштурулуп, окуучулар жана катышуучуларга көңүлдүү учурлар тартууланды. Маданий программа музыкалык чыгармалардан жана бийден түзүлүп, иш-чарага жандуу атмосфера кошту.
Жалал-Абад колледжи мындай иш-чараларды жыл сайын туруктуу негизде өткөрүп, жаштарды колдоого жана алардын келечектеги ийгиликтүү адис болуп калыптанышына салым кошууга умтулууда.
Келген абитуренттер ЖАКтын адистиктерин тандашты.