КРнын Презедентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик “ уңгу жолу жөнүндө Жарлыгынын ишке ашырылышы жана Улуу жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик-спорттук таймаш өткөрүлдү
Жалал-Абад колледжи- Алдынкы тажрыйба борборунда КРнын Презедентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик “ уңгу жолу жөнүндө Жарлыгынын ишке ашырылышы жана Улуу жеништин 80 жылдыгына карата уюштурулган аскердик-спорттук таймаш болуп өттү. Таймашка биринчи курстун бардык тайпаларынан катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – КРнын Презедентинин жарлыгын ишке ашырыуу жана студенттердин мекенчилдик сезимин күчөтүү, дене тарбияга болгон кызыгуусун арттыруу жана аскердик даярдык боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп эсептелет.
Таймашта колледждеги студенттер күч сынашты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, тайпалар арасында кызуу атаандаштык өкүм сүрдү. Мелдештин программасына төмөнкү аскердик-спорттук түрлөр кирди:
Ок атуу – катышуучулар мергенчилик жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Турникке тартынуу – дене күчү жана чыдамкайлык боюнча таймаш өткөрүштү.
Гира көтөрүү – катышуучулардын физикалык даярдыгы текшерилди;
Калашников автоматын чачып-жыйноо – студенттер курал менен иштөө ыкмаларын, ыкчамдыкты жана тактыкты көрсөтүштү;
Противогаз кийип чуркоо – аскердик машыгуунун бир бөлүгү катары, шашылыш кырдаалдагы аракеттерге даярдык текшерилди.
Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү
Мелдештин соңунда мыкты жыйынтык көрсөткөн тайпаларга дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, аларды патриоттуулукка тарбиялоодогу бул сыяктуу иш-чаралардын мааниси чоң экендиги баса белгиленди.
Жалал-Абад колледжи мындан ары да жаштарды мекенди сүйүүгө, спорт менен машыгууга жана аскердик даярдыкка өзгөчө маани берип, тарбиялык иш-чараларды үзгүлтүксүз уланта бермекчи.