1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

30

Жалал-Абад колледжинде  «Тарыхый формалардын парады-2025» кароо сынагы өткөрүлдү

 Кароо сынак Дүйнө тарыхы дисциплинасын жыйынтыктоодо, студенттер тарабынан дисциплинаны өздөштүрүүсүн бышыктоочу иш чара болуп саналат.

Сынакты ЖАКтын тарых секциясынын окутуучулары демилгелеп өткөрүштү.

Кароо сынакта 1 -курстун 17 тайпасынын студенттери  активдүү катышты. Сынак төмөндөгү үч конкурс менен өткөрүлдү.

1)       «Тарыхый форма» – бир элге таандык болгон кийим менен дефиле;

2)      «Персонаж» – тандаган персонажы  жана анын кийими, салты жөнүндө баяндама;

3)      «Дүйнө элдерине мүнөздүү болгон тамак ашынын бир түрүнүн конкурсу»

Конкурска студенттер тарыхый инсандардын түрдүү формаларын даярдап кийип келишкен. 17 түрдүү формалар жана 17 улуттук тамак сунушталды. Өзгөчө белгилей турган нерсе студенттердин тапкычтыгы жана дүйнө элинин тарыхын изилдеп, жетишкендиктерин таап чыкканында.

1-орун – «Гран-принин» ээси деп табылып, грамота менен сыйланды БАСк 2-24 Энштейндин кейипкери Кубатбеков Нургазы табылды;

2-орун – ПОВТАСк 8-24 тайпасынын студенти Садыкбаева Гүлзина Африка кызынын образын жаратты.

3-орун – ПОВТАСк  9-24 тайпасынын студенттери кытай кыздарынын образын чагылдырышты.

Андан тышкары, үч таймаштын ар бири боюнча эң жогорку упай топтогон катышуучуларга төмөнкү номинациялар ыйгарылды:

1.    «Мыкты тарыхый форма» – «Тарыхый форма» таймашынын жеңүүчүсүТОИРАТк 2-24 тайпасынын студенти Бекташев Элмырза немец аскеринин образын жаратты.

2.    «Мыкты персонаж» –«Персонаж» таймашынын жеңүүчүсү ОКк 2-24 тайпасынан Кочкорбаев Давлеткелди Египет Фараонунун образын көрсөтүп көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

3.    «Тарыхый инсанды мыкты чагылдыруу» номинациясынын ээси болуп табылгандар ПОВТАСк 6-24 тайпасынын студенттери:Тышебаев Нурдоолот менен Эркинова Айзирек  Осмон империясынын тарыхый персонажы Султан Сулейман менен Хюррем Султандын образын мыкты чагылдырышты.

4.     « Дүйнө элдерине мүнөздүү болгон тамак ашынын бир түрүнүн конкурсунун  жеңүүчүлөрү болуп КМТШИк 2-24 тайпасынын студенттери табылды. 

«Көрүүчүлөрдүн тандоосу» номинациясын алган конкурсант ТЭМк 3-24 тайпасынын студенти Жамалдинов Зикируллох кавказ элинин кийимин мыкты көрсөтүп көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Аягында, студенттер  ырдап,  бийлеп,  тарыхый персонаждар менен фотосессиялар болду.

Бул конкурс жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, ЖАКта жыл сайын өткөрүүнү студенттер колдошту.