Жумуш орунда окутуу – кесипке даярдоонун бир формасы

Алдыңкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинин кареьр жетекчиси-маркетолог Алимбаева Г. Ж. кесиптик предметерден сабак берген окутуучуларга “Жумуш ордунда окутуу (ЖОО)- кесипке даярдоонун бир формасы”
деген темада мастер класс өттү. Кесиптик билим берүү системасында жумуш ордунда окутууну жана аны өнүктүрүүнүн негизги ыкмаларын жайылтуу боюнча талкуу жүрдү. Ошондой эле жумуш ордунда окутууну (ЖОО) даярдоо жана анын натыйжаларын баалоонун негизинде студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү көйгөйүнүн чечилишиндеги практикалык тапшырмалар аткарылды.
Адистерди даярдоодо билим берүү сапатын жогорулатуунун, эмгек рыногунун талаптарына жана кадрларды даярдоонун багыттарына шайкеш келүүнү камсыз кылуунун түзүүчүлөрүнүн бири болуп жумуш ордунда окутуу ыкмасы саналат.
Жумуш ордунда окутуу билим берүү уюмунда окуу процессинин бүткүл мезгилинде окуучуну коштоп жүрөт. ЖООго даярдануу процесси жүрөт, ал өзүнүн адистиги менен таанышууну, адистиктин өзгөчөлүгүн түшүнүүнү, өзү тандаган адистик/кесип боюнча кесипкөй кандай экенин көрсөтүүнү камтыйт. Бул төмөнкү формаларда ишке ашырылат: иш берүүчүлөрдүн конок лекциялары, кесиптер жарманкеси, фестивалдар, параддар жана башка иш-чаралар, анда окуучулар өз кесиби, карьера куруу жөнүндө көбүрөөк билишет.
Мастер класста адистик окутуучулар жумуш ордун, иш чөйрөсүн изилдөөнү, адистикке тартууну, зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүнү, иш чөйрөсү, эмгек жамааты менен өз ара аракеттенүүнү жана практикалык иш тажрыйбасына түздөн-түз ээ болууну камтыган үзrүлтүксүз процесс экенин талкуулашты жана ой пикирлери менен бөлүшүштү. Окуу процессинде ЖООну пландоонун пайызын жогорулатууну чечишти.