1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

Окуу-таанышуу практика -кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн башаты

Жалал-Абад колледжинде 2-курстун студенттери алгачкы таанышуу практикасына эки жумага чыгышты..

       Ар-бир адистикте практикага жөнөтүү конференциялары уюштурулуп, студенттерге жол карталар берилип,   практиканын максаты менен тааныштырылды.

     Конференцияга ПЦК башчылары, практика жетекчилери катышып, практиканттарга кеңештерин айтып,практиканын жол жоболорун үйрөтүштү. Мурдагы жөнөтүү конференциялардан айырмаланып, жумуш ордунда окутуунун жыйынтыгы чыгарылып,практика анын уландысы экендиги айтылды.

Төмөндөгү адмстиктердин 2-курсу практикага кетишти:

Ветеринария
Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо
Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)
Электр менен жабдуу (тармактар боюнча  
Өзгөчө кырдаалдардан коргоо
Электр станциялар түйүндөр жана тармактар
Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы 
Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо
Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын  эксплуатациялоо(транспорттун  түрлөрү боюнча, суу транспортунан башкасы )