Алдыңкы тажрыйба борбору - Жалал-Абад колледжинде предметтик олимпиаданын 2 туру өттү
Жалал-Абад колледжинде төмөндөгү предметтерден олимпиада өткөрүлдү: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, математика, физика, химия, биология, чет тили( англис тили), экологиянын негиздери, тарых, Кыргызстан географиясы, электр менен камсыздоо, информатика
Олимпиаданын 1-турунда жалпы 180 студент катышты, 1,2,3 орунга 42 студент жетишти. Алардын арасынан 2-турга тандалган студенттердин ортосунда таймаш болду. Жыйынтыгында 13 студент 1-орунду алышып Майлуу-Суу шаарында өткөрүлө турган аймактык олимпиадага жолдомо алышты.
Олимпиаданын 2-турунда 1,2,3 орунду ээлеген студенттерге ЖАКтын дипломдору ыйгарылды. Дипломдрду Жалал-Абад колледжинин директору п.и.к., доцент Турдубаева Бариса Майлыевна тапшырып, жетекчилерге ыраазычылык билдирди.
Ар жыл сайын өткөрүлгөн олимпиада студенттердин билим деңгээлин жогоруулатууга жана билимге ынтызарлыгына жол ачат.