Алдынкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинде окутуучулар өндүрүштөн стажировкадан өтүштү

Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Лек» окуу борборунда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин Автоматаштырылган системалар жана математика ПЦКсынын БАС, ПОВТАС адистиктеринин окутуучулары 36 сааттык бир жума стажировкада жүрүп,квалификацияларын жогорулатышты.
Үйрөнгөн темасы: Python до WEB тиркемелерин иштеп чыгуулардын заманбап инструменттерин жана Django жана Flask фреймворктерин тереңдетип өздөштүрүү болду.
Өндүрүштө болгон мезгилде окутуучуларга билим берүү программасында камтылган темалар боюнча сабактар уюштурулуп, программалоонун жаңы түрлөрү көрсөтүлдү. Студенттерди окутууда жаңы көндүмдөргө ээ болушуп, адистик боюнча программалоонун жаңы түрлөрү боюнча билим сапатын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлдү.
Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы “Лек” окуу борборунун жетекчиси Эркулова Элмира Кадыркуловна стажировканын аягында сертификаттарды тапшыруу менен мындан ары да орто кесиптик билим берүү системасындагы педагогдордун өз адистиги боюнча билим сапатын жакшыртууга аракет кылуу менен жаштарга билим берүүдө талыкпай эмгектене берүүсүн каалады.
«Лек» окуу борборуна терең ыраазчылык билдиребиз!