Ата-энелер окуу жайдын өнөктөшү
Алдынкы тажрыйба борбору- Жалал – Абад колледжинде 2025жылдын 22- мартында 1- курстун студенттеринин ата-энелер чогулушу болуп өттү.
Чогулушта ата- энелер окуу жайдын өнөктөшү катары өнүгүүгө салым кошо ала тургандыгын талкууланды жана учурдагы өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды, рекетчиликти, түрдүү суициддерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен баарлашуу болду.
Ошондой эле балдарынын тандаган кесибинин татыктуу ээси болуу үчүн ата- энелердин ролун аныктоо боюнча пикир алмашуу болду.
Чогулушка Жалал-Абад ШИББдын ЖЖЭИ инспектору, милициянын капитаны Кыдырова Самара кызматкерлери менен чогуу катышты. Учурдагы жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм туруму, рекетчилик, бангизаттарды пайдалануу, ата- энелердин жоопкерчилиги боюнча кеңири презентация жасады. Түрдүү видеолор, слайд шоу менен коштолгон баяндамасы ата- энелерге өзгөчө таасир калтырып, суроо жооптор менен толукталды.
Андан кийин ЖАКтын директору Б.М.Турдубаева “ Ата-эненин сабаттуулугу балдардын өнугүшүнө өбөлгө” аттуу презентация жасады.
Сабактардагы катышуу, жетишүү, электрондук журнал, студенттин логин поролу менен АВНге кирип, көзөмөл кылуу боюнча кеңештерди окуу иштери боюнча Ж.Б Бектурсунов түшүндүрдү.
Ошондой эле тайпалары мыкты тайпа аталган кураторлор Ч.С.Досова жана Р.К.Эгембердиева сөз сүйлөштү.
Чогулуштун акырында активдүү ата- энелерге ыраазычылык каттары берилди.
