Ак калпак жана туу күнү белгиленди

Алдыңкы тажрыйба борбору- Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде 3-март КРнын мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата куратордук ачык сааттар болуп өттү. Өлкөбүздүн символу болгон туубузду жана кыргыздын улуттук баш кийимин ыйык тутуп, аны баалап-барктоо ар бир атуулдун милдети экендиги сабактарда баса белгиленди.
Ошондой эле студенттер КРнын мамлекеттик туусу жана ак калпак тууралуу чогулткан маалыматтарын бири-бири менен бөлүшүштү. Анда мамлекеттик туунун кабыл алынышы, авторлору жана туунун кызыл түсү, ортосундагы түндүгү, аны айлана турган күн нурларынын чечмелеништери жөнүндо айтышты.
Ошондой эле илгертен кыгыз жигиттеринин кийген калпагынын түсүнө карап, жаш курагын жана коомдогу ордун билишкендиги, жана ар кайсы түстөгү калпактардын маанилери жөнүндө кенен маалыматтар айтылды. Ал эми сабактарга катышкан окутуучулар ак калпагыбызды ар дайым бийик тутууга, желегибизди бийиктерге желбиретүү үчүн ар убак аракет жасоого жана патриоттуулукка чакырышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Ал эми Ак калпак күнү Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825- токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.