1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

384

Көз карандысыз валидациядан өткөн талапкерлерге сертификаттар тапшырылды

Алдыңкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинде Кыргыз Республикасын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы  көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун 2024-жылдын 11-декабрындагы чечими менен 12 талапкерге "Чыңалуусу 1000 В чейинки электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер" квалификациясы  ыйгарылдыгына байланыштуу сертификаттар тапшырылды.

Кесиптик көндүмдөрүн тастыктаган талапкерлер алган сертификаттар эл аралык реестрге кирип бардык мамлекеттерге иштегенге укук берилет жана айлык акысын жогорулатканга өбөлгө түзөт.

 Сертификаттарды ЖАКтын директору п.и.к.доцент  Б.М.Турдубаева жана энергетика ПЦКсынын  окутуучулары тапшырды.

Талапкерлер ыраазычылыгын билдиришти.