ЖАКта 23-фераль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук мелдеш болуп өттү

24- фераль күнү Жалал-Абад колледжинде тайпалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча дене тарбия мугалимдери тарабынан мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин максаты:
1. Студенттерде мекенчилдик сезимин ойготуу,
2. Өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоо,
3. Студенттердин ден соолугун чыңдоо,
4. Студенттерди спорт менен машыгууга үгүттөө, жана волейбол оюнун дене тарбиянын негизги куралы катары колдонуу жана ЖАКтын студенттери арасында достук маанайды түзүү.
Мелдешке жалпы 20 команда катышып, өзүлөрүнүн активдүүлүгүн, спортко кайдыгер эместигин көрсөтүшүп, өздөрүнүн командасы үчүн кызуу ойношту.
Мелдештин жыйынтыгы:
1 орун ПОВТАС-01-24
2 орун ПОВТАС-01-23
3 орун ТЭМк-3-23
Жеңүүчүлөргө ЖАКтын дипломдору, громаталары жана медалдары тапшырылды.