ЖОЖДОР АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ СЕМИНАРЫ

22.02.2025 күнү Ош мамлекеттик университетинин алдындагы математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институнун автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык “Билим берүү процессинде санариптик трансформация” деген темада тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү. Семинарга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын БАС, ПОВТАС адистиктеринин окутуучулар курамы, К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин үзгүлтүксүз ачык билим берүү институна караштуу маалымат технологиялар жана математика кафедрасынын окутуучулары, Заманбап эл аралык университетинин информатика кафедрасынын окутуучулары, Жалал-Абад шаарындагы “Лек” окуу борборунун жетекчиси Эркулова Элмира Кадыркуловна катышышты.
Семинардын максаты: Билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбалары менен бөлүшүү.
Семинардын ачылышында ОшМУнун АССТ кафедарыны башчысы, доцент А.Ж. Кудуев конокторду тааныштыруу менен өз сөзүндө бул семинар окуу жайлардын ортосундагы достук мамиле бекемделип, билим берүү багытында окутуучулардын тажрыйба алмашууда чоң мааниге ээ экендигин айтып өттү. Ошондой эле ОШМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору, доцент Э.А.Эшаров, ОшМУнун МФТИТ институнун директору, доцент Б.А.Азимовдор өз пикирлерин айтуу менен башталды. Семинардын программасында көрсөтүлгөндөй жогорку окуу жайлардагы санариптештирүүнүн өнүгүү тенденциялары, актуалдуу маселелер жана чечүү жолдору боюнча баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана талкуулар болуп өттү. Ар бир окуу жайдан барган баяндамачылар өз баяндамаларын окуп, презентациялап беришти. Маселелерди талкулоодо, катышуучулардын пикир алмашуусу, коноктордун сын пикирлери айтылып , сунуштар айтылды. Баяндамачылардын темалары азыркы билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу замандын талабы экендигин, заманбап маалымат технологиялардын өсүшүнө, санариптештирүүнүн өнүгүү тенденциялары, актуалдуу маселелердин бири экендигин баса белгилеп өтүштү. ЖОЖдор аралык тажрыйба алмашуу семинарын жыйынтыктоодо баяндамачыларга Сертификаттар жана катышуучуларга Ыраазычылык каттарды тапшыруу менен аяктады.
Соңунда жалпы келген коноктор ОШМУнун NEXT GENERATION HUB атындагы робототехника жана жасалма интеллект борборуна экскурсия кылуу менен жыйынтыкталды.
ОшМУнун АССТ кафедарыны башчысы, доцент А.Ж. Кудуевке, Дарбанов Эльстан Ооматбековичке жана жалпы эмгек жааматка, уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!