1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

70

ИЛИМ БУЛАГЫ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде тайпалар арасында “Илим булагы” аттуу интеллектуалдык оюн болуп өттү. Иш чара студенттердин жөндөмдөрүн  ар тараптуу өнүктүрүү,   активдүүлүккө үндөө жана окууга болгон кызыгууларын арттыруу максатында өткөрүлдү.

Оюндагы суроолор жана тапшырмалар студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө, тапкычтыкка жана өзүн өзү таанууга багытталды.

 Оюн үч тур болуп,  жалпы 15 тайпанын командалары катышты. Жыйынтыгында студенттер менен кайтарым байланыш болуп, студенттер кызуу маанайда оюн жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилешти. Ошондой эле жеңүүчү командаларга сыйлыктар жана белектер тапшырылды.