1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

159

Алдынкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинде  поэзия кечеси өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын

руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын,

 Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”   КР Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу,  БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында ЖАКта бир катар иш чаралар өткөрүлдү

      Алардын бири катары ветеринария адистигинин студенттери арасында поэзия кечеси  болуп өттү. Иш-чарага ЖАКтын соц педагогу Эгембердиева Р. жана  ветеринария ПЦКсынын окутуучулары ,студенттери катышты.

    Программага ылайык,кыргыздын  потриоттук ырлары көркөм окулду. Кыргыздын каада салты көрсөтүлдү.

 Активдүү катышкан студенттерге громаталар тапшырылды