1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

Алдынкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинде  Ооган  согушунун ардагерлери менен жолугушуу болду

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде 15-февраль Советтик Аскерлердин Афган Республикасынан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата иш чара өткөрулдү. Учурда  ЖАМУда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери менен ЖАКтын студенттеринин жолугушуусу уюштурулуп, агайлар студенттерге баштарынан өткөргөн окуяларын айтып берип, оор күндөрдү эскеришти. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү оорчундуу көйгөйлөрдү айтып, мекенди коргоого, анын өнүгүшүнө өз салымдарын кошууга үндөп студенттерге дем беришти.

 Жолугушуунун жыйынтыгында студенттер кызыккан суроолорун берип жоопторду алышты.  Иш чара учурдагы жаштар арасында болуп жаткан көйгөйлорду жоюуну  дагы камтып кетти.