“КАНА ЭМЕСЕ ЖИГИТТЕР”
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин 1-курстун бардык тайпаларынын студенттери үчүн 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Кана эмесе жигиттер” аталышында спорттук мелдеш уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты: студенттерди коомдук, маданий-массалык иштерде активдүү болууга шыктандыруу. Жаштарды дени сак, сергек жашоого үндөө. Студенттердин окуу жайдагы достук мамилесин чыңдоо. тайпалар арасында ынтымакты бекемдөө.
Мелдешке ар бир тайпадан 5 студенттен куралган команда катышып, спорттун 5 түрү боюнча күч сынашышты. Жыйынтыгы калыстар тарабынан аныкталып, командалык эсепте жеңишке жеткен тайпаларга сыйлыктар тапшырылды.