1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

74

Алдынкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинин студенттеринин   укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду

Жалал-Абад колледжинин студенттери үчүн Жалал-Абад шаардык милициясынын катышуусунда “Рекетчиликтин бир секунду сенин тагдырыңды талкалайт. Билимдүүлүктүн бир секунду сени дүйнөгө таанытат” аталышында иш чара болуп өттү.

Жолугушууга Жалал-Абад ШАМБнын башчысы милициянын улук лейтенанты Жолдошбай уулу Кайрат жана Жалал-Абад ШИИБдин ЖЖЭИнин инспектору, милициянын капитаны Кыдырова Самара катышып,сөз сүйлөштү

          Иш-чаранын башкы максаты балдардын патриоттук сезимин, мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү  ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу, массалык баш аламындыка, рекетчилике бөгөт коюу жана  аптекалык наркаманияга жол бербөө болуп саналат.

      Жолугушууда милициянын өкүлдөрү учурда катталып жаткан терс көрүнүштөр боюнча маалыматтарды берип, кылмыш кылгандагы жазалардын статьяларын тааныштырып,студенттерди туура жолдо жүрүүгө, рекетчилик кадамдарга барбоого чакырык жасады. Жолугушууга ЖАКтын бардык студенттери жана окутуучулары катышты.

    ЖАКтын директору  Б.М.Турдубаева жыйынтык сөздү сүйлөп,укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.