ЖАКТА ИШКЕРДИКТИ УЮШТУРУУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ
ЖАМУда жарыяланган илимдин айлык жүрүшүнүн алкагында Алдыңкы тажрыйба борбору – ЖАКта “ЖАКта ишкердикти уюштуруунун маселелери ” темасында кереге кеңеш өткөрүлдү.
Иш-чара келечекте өзүнүн ишкердигин ача турган студенттерге арналды.
Кереге кеңеш ЖАКтын окутуучулары Чекиргозова Г., Тукуева Н. тарабынан уюштурулуп, төмөндөгү коноктор чакырылды:
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын кызматкерлери Сайипова Наргиля, Дүйшеев Эламан, Жалал-Абад ишкерлер ассоциациясынын юрист-консультанты Жусуев Ильясбек, бизнес-консультанты Марс Апатаев, ЖАМУнун бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Алымкулов Бегижан
Ошондой эле ЖАКтын стартап командалары,окутуучулары жана студенттери катышты. Тегерек столдо чакан жана орто ишкердиктин улуттук экономиканын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана жаштардын ишкердикке тартылуусу үчүн тузүлгөн шарттар талкууланды.Иш чара өзгөчө келечектеги ишкерлер үчүн кызыктуу болду.