1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

52

Алдыңкы тажрыйба борбору-ЖАКтын  студенттери ITFEST "CIBER KYRGYZSTAN" фестивалына катышып байгелүү кайтышты

     КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин №02-3/3039 .23.10.2024 буйругунун негизинде Бишкек шаарында IT билим берүүдө таланттуу жаштарды табуу жана санариптештирүүнү колдоого багытталган ITFEST 2024 "CIBER KYRGYZSTAN" фестивалы өттү.

     Фестивалга ЖОЖдордон жана колледждер,мектептерден  жалпы 32 команда катышты. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын студенттери 3 багыт боюнча катышышты.

Мобилография багыты боюнча ПОВТАСк-2-22 тайпасынын студенткасы Камилова Раяна,  ПОВТАСк-3-23 тайпасынын студенткасы Муллаева Мадина III -орунга;

ХАКАТОН багыты боюнча ПОВТАСк-01-24 тайпасынын студенти Кутбидинов Данислан, ПОВТАСк-2-22 тайпасынын студенттери Авазбеков Үсөн, Маматов Асланбек, ПОВТАСк-2-23 тайпасынын студенти Аскаралиева Сауле, ПОВТАСк-3-23 тайпасынын студенти Ратбеков Алихан 4 -орунга жетишишти

Киберспорт багыты боюнча ПОВТАСк-2-23 тайпасынын студенттери Исламбеков Улукбек, Тимохин Тимур, Дооранов Амирбек, Абдыкаров Бекжан, Туманов Эртабылды, Сарычалов Нурмуханбет активдүү катышып келишти.

ЖАКтын студенттери менен ITFESTтин катышуучуларынын   жолугушуусу уюштурулду

Студенттер өз ийгиликтери боюнча бөлүшүп, студенттерди ушундай иш чараларга көп катышууну  сунушташты. Жалал-Абад колледжинин директору Турдубаева Бариса Майлыевна студенттерге ийгиликтерди каалоо менен бирге ар бир катышуучуга ЖАКтын грамоталарын тапшырды.