ЖАКта “Экономика жана ишкердик” темасында тегерек стол өткөрүлдү
27.11.2024 күнү Жалал-Абад колледжинде “Экономика жана ишкердик” темасында тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара ЖАКтын окутуучулары Чекиргозова Г., Тукуева Н. тарабынан уюштурулуп мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын кызматкерлери Сайипова Наргиля, Дүйшеев Эламан, Жалал-Абад ишкерлер ассоциациясынын юрист-консультанты Жусуев Ильясбек, бизнес-консультанты Марс Апатаев, ЖАМУнун бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Алымкулов Бегижан, ЖАКтын стартап командалары, окутуучулары жана студенттери чакырылды. Тегерек столдо чакан жана орто ишкердиктин улуттук экономиканын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана жаштардын ишкердикке тартылуусу үчүн тузүлгөн шарттар талкууланды.