Заманбап Боди камера эми студенттердин жүрүм-турумун көзөмөлдөйт
Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери жана Жалал-Абад колледжинин студенттери ортосунда жолугушуу уюштурулду.
Ага Жалал-Абад ШИИБ кызматкерлери, мугалимдер жанастуденттер катышты. Жолугушууда студенттерге милиция кызматкерлери санариптештирүү системанын алкагында кызматкерлер төшүнө боди камераны тагынуу менен өзү тейлеген аймагында, кылмыш кырсыктары, укук бузууларды, коомдук жайда жүрүм-турум эрежелерди көзөмөлгө алып видеофиксация тартибин жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, студенттерге эскертүү иретинде айтып өтүштү.
Ошондой эле студенттерге башка бейтааныш жарандардан басмырлоо, талап тоноого туш болуп калса, аймактык тескөөчүгө кайрылууну баса белгиледи. Жолугушуунун соңунда мугалимдер жана студенттер келген конокторго ыраазычылык билдиришти.