1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

7 месяцев назад

150

ЖАКта "АЛТЫН КҮЗ" кароо сынагы болуп өттү

Жалал-Абад колледжинде Жалпы билим берүү ПЦКсы тарабынан студенттердин арасында “Алтын күз” аттуу кароо-сынагы болуп өттү. Кароо сынакта төмөндөгү номинациялар боюнча тапшырмалар болду.

1. Икебана кароо-сынагы (жаратылыш объектилеринен алынган, жашылча жемиштерден, жалбырактардан, кургак дандардан ж.б. жасалган чыгармачылык менен иштелип чыккан, узакка сакталган икебаналар көркөмдүүлүгүнө карата бааланды)

2. “Күз берекеси” аталыштагы салаттар кароо-сынагында күздү чагылдырып кооздолуп жасалган салаттардын көркүнө карата, калыстар тобу даамдап көрүп, кандай эмгек менен жасалганына, салаттардын авторлору жасаган салаттарын презентациялоосуна, жасалган салаттын өзгөчөлөгүнө карата бааланды)

3. Күз ханышасы кароо-сынагы күз ханышасын чагылдырган өзгөчө көйнөктөр, күз ханышасын чагылдырууда чач жасалгасы (жалбырак, гүлдөр ж.б. менен кооздолушу), күз ханышалардын сахнада басуусу, өзүн алып жүрүүсү, тыкандыгы жана күзгү көйнөктөрдүн ажарын ачып көрсөтүп берүүсү бааланды)

Жогорудагы көрсөтүлгөн тапшырмалардын жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту.

Икебана кароо сынагында:

1-орун ЭСк-2-24 тайпасы

2-орун КМТШИк-2-24 тайпасы

3-орун ЭССк-2-24, КМТШИ к-3-24 тайпалары

- “Күз берекеси” аталыштагы салаттар кароо-сынагында:

1-орун ПОВТАСк-10-24 тайпасы

2-орун ПОВТАСк-9-24 тайпасы

3-орун ПОВТАСк-4-24 тайпасы

- Күз падышасы жана Күз ханышасы кароо сынагында:

1-орун ПОВТАСк-6-24 тайпасынын студенттери Насиров Байсал жана Эркинова Айзирек “Күз падышасы жана Күз ханышасы” номинациясына,

2-орун ПОВТАСк-9-24 тайпасынын студенттери Эркинов Байхан жана Токтосунова Айсезим “Сымбаттуу ханыша” номинациясына

3-орун БАСк-2-24 тайпасынын студенттери Кадырбеков Эрлан жана Кенжеева Асема “Сүйкүмдүү ханыша” номинацияларына ээ болушту.