ЖАКта ата-энелер чогулушу өткөрүлдү
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи Алдыңкы тажрыйба борборунда 1-2-курс студенттердин ата-энелери менен таанышуу чогулушу өткөрүлдү. Жыйналыштын негизги максаты ата-энелер окуу жайдын өнөктөшү катары окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошо ала тургандыгын талкуулоо жана балдарынын тандаган кесибинин татыктуу ээси болуу үчүн өзүлөрүнүн ролун аныктоо болду.
Ата-энелерди ар бир тайпанын куратору өздөрү окуган аудиторияга чогултуп, окуу жай боюнча кенен маалыматтарды берип, “Ата-энеге кеңештер” аттуу презентацияны көрсөтүп талкууларды жаратышты. Ошондой эле студенттердин окуудагы жетишкендиктери, жүрүм-турумдары боюнча маалыматтарды беришти. Жыйынтыгында окуу жайга ата-энелерден каалоолор айтылып, сунуштарын жазышты.