Базадагы иш чара
2024-2025 окуу жылынын окуу процессинин базадагы иш чараларынын графиине ылайык Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин энергетика ПЦКсынын окутуучусу Маматалиева Ханзада 14 октябрь күнү Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын электр жабдыктарын оңдоп түзөө цехине өндүрүштүк практикада жүргөн ЭСк 2 22 ЭССк 2 22 тайпасынын студенттерине Көмөкчү чордондордун өлчөөчү күч электр жабдыктары деген темада аталган кызматтын жетекчиси Жусупов Канатбек Айтиевич агайдын коштоосунда экскурсия жасатты. Экскурсиянын максаты студенттерге практиканын алдында кесипке шыктандыруу жана энергетика тармагындагы заманбап технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу.