ЖАКта көрсөтмөлүү сабактардын парады жүрүүдө

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин методикалык иштери боюнча инспектор Э.Э.Кудукбаеванын билдирүүсү боюнча окуу жайда тажрыйбалуу окутуучулар жаш окутуучуларга көрсөтмөлүү сабактарды өтүштү.
Мындай сабактарды уюштуруунун максаты: жаш окутуучуга жардам берип, бири -бири менен педагогикалык тажрыйба алмашып,окуу жайда окуу процессининр сапатын көторүү
2024-2025-окуу жылдын биринчи жарым жылдыгына карата өтүлгөн мыкты сабактарга
чет тили окутуучусу А.А.Сопукулованын ,тарых м угалими Байышбек к.Аиданын.орус тили жана адабияты мугалими М.И.Омуралиеванын көрсөтмөлүү сабактарды мисал боло алат.
Көрсөтмөлүү сабактарга катышкан окутуучулар сабактарга анализ беришип, максатка жетишкендигин белгилешти
Ошондой эле ,көрсөтмөлүү сабакта студенттердин активдүүлүгү жогорулап, педагогикалык табылгалар өркүндөйт, окуу жылдын аягында окутуучулардын сабактарына катышуу боюнча талдоо жүрүп, кийинки окуу жылына окуу процессиндеги кээбир ондоо иштери пландаштырылат. Сабактар гугл формада тузүлгөн атайын индикаторлор боюнча анализденип жатат. Жаш окутуучуларга тажрыйбасы кең окутуучулар сунуштарын берип жатышат. Колледждеги ачык сабактар окуу жылдын декабрь айынын акырына чейин уланмакчы.