ЖАКта ар бир ишембиде окутуучулар үчүн методикалык мастер-класстар өтүлүүдө
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин 2024-2025-окуу жылына карата мастер-класстардын графиги тузүлүп, бекитилди. Ар бир айда тиешелүү темалар пландаштырылып окутуучулар тарабынан тандалат.Мастер-класс өтүүчү тренерлер тажрыйбалуу,алдыңкы мугалимдер болуп эсептелинет. Графикке ылайык, Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучусу
Абдыразакова Гулмира Абдыжапаровна “Ачык билим берүү ресурстарынын мультимедиялык комплексин колдонуу” деген темада мастер-класс өтүп, автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучулары толугу менен катышты
Карабекова Чынара Кайсарбаевна жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары менен “Учурдагы баалоонун түрлөрү жана системалуу кайтарым байланыш” темасындагы мастер -класс өтүп, кызуу талкуу жаратты.Калыптандыруучу баалоонун техникалары боюнча практикалык иш болду.
Эсенкулова Назгуль Борубаевна жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары менен “Студенттердин билимин баалоодо жумушчу дептерлерди түзүүнүн эрежелери, тапшырмаларын критерийлерин түзүү” темасындагы мастер-классты өттү. ЖАКта жарыяланган жумушчу дептердин конкурсуна катышуу боюнча маалыматтарды алышты.
Тукуева Назгул Таштановна энергетика ПЦКсы, Ветеринария ПЦКсы, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана ТОиРАТ ПЦКсы, Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын окутуучулары менен “Тест түзүүнүн методикасы жана анын түрлөрү” деген темада кызуу талкууну жараткан мастер-класс өттү. Анда тест түзүүнүн электрондук формаларын колдонуу карады. Негизинен бардык мастер-класстар кызыгууну жаратып жогорку деңгээлде өттү.