1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

75

Биз таланттарды издейбиз

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде 1-курс тайпалары үчүн студенттер арасында “Биз таланттарды издейбиз” аталышындагы кароо сынак болуп өттү.

Иш чаранын негизги максаты:

• Студенттерди коомдук, маданий-массалык иштерде активдүү болууга шыктандыруу

• Тайпадагы таланттуу студенттерди аныктоо жана өнөрүн коомчулукка көрсөтүү

• Студенттердин окуу жайдагы маданий иштерге салымдарын кошуусу

• ЖАКта таланттуу студенттерден куралган маданий секторун түзүү

• Тайпалар арасында ынтымакты бекемдөө

Сынакка ар-бир тайпадан студенттер катышып, ырдап-бийлеп , көркөм окуп, манас айтып, кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүп өз таланттарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында калыстар тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, I II III даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле жалпы катышуучулар грамота менен сыйланышты.